- №1 формадагы жарандык паспортту каттоо үчүн арыз;
- чет өлкөлүк мекеменин жооптуу кызматкери тарабынан толтурулган анкета;
- 4х6 см өлчөмүндөгү, ак фондо, жалтырак кагазга түшүрүлгөн, беттин так сүрөтү менен 2 түстүү фотосүрөт;
- жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциялар (мыйзамга ылайык мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган адамдарды кошпогондо);
- жалпы паспорт алуу үчүн консулдук жыйымдарды төлөө.
Жогорудагы документтерден тышкары, кошумча документтер төмөнкүдөй учурларда берилет:
1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча:
- 16 жашка чейинки адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт).
16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт берүү үчүн эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, апостил коюлган же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул тартип мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралса;
2) 16 жашка толгон адам арыз бергенде:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (бар болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
3) жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүнжаран кайрылганда:
а) визалык белгилердин барактарынын бүтүшүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы паспорт;
б) жеке маалыматтардын өзгөрүшүнө же жарандык паспортто туура эмес жазуулар табылганына байланыштуу:
- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы паспорт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк, же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк, каттоо же никени бузуу жөнүндө күбөлүк, жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;
в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:
- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы паспорт.
Арыз ээсинин өздүгүн жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоого мүмкүн болбосо, чет өлкөлүк мекеменин жооптуу кызматкери ведомствого караштуу бөлүмгө мурда берилген жалпы жарандык паспорт үчүн № 1 форманын көчүрмөсүн талап кылуу үчүн суроо-талап жиберет;
4) виза барактарынын жарактуулук мөөнөтү бүткөндүгүнө жана жалпы паспортто колдонуу мөөнөтү аяктаган же бүтүү алдында турган чет мамлекеттин жарактуу визасынын болушуна байланыштуу жаңы жалпы паспорт алууда:
5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо:
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту же 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (бар болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.