17-20.08.23. 2023-жылдын 17 августунан 20-августка чейин Калуга облусундагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу “Батыш фронт. Варшава шоссе жолу” эл аралык аскердик-тарыхый экспедициясында болду.
Бул экспедицияга 600дөн ашык издөөчү катышууда. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын “Память народа– Эл эстейт” издөө тобу да бар. Отряддын жетекчиси Татьяна Ивановна Владимирова.
Экспедициянын чатыр лагери Калуга облусунун Барятин районундагы Цветовка айылына жакын жайгашкан. Дал ушул жерлерде, 1942-жылдын февраль-апрель айларында Фрунзе шаарында түзүлгөн 385-аткычтар дивизиясы дээрлик толугу менен каза тапкан.
Издөө топторунун негизги милдети - жоокерлердин сөөктөрүн табуу, алардын маалыматтарын аныктоо жана кийинчерээк аскердик сый-урмат менен көмүү.
Дружина мүчөлөрү өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстанда болуп жаткан патриоттук иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Отрядга бир нече металл детекторлору, ошондой эле башка эсте каларлык белектер тапшырылды.
Ошондой эле, экспедициянын жетекчиси, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Елена Цунаева жана Барятин районунун башчысы Андрей Николаевич Хохлов менен жолугушуу болуп өттү.
Мындай биргелешкен иш, албетте, биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.