2025-жылдын 27-февралында Ардактуу Консул тарабынан Калуга облусунун ички саясат министри О.А.Калугин менен жумушчу жолугушуу уюштурулду. “Достук” орус-кыргыз достук коомунун облустук коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөлөрү; “Ассамблеи народов Россия” Калуга бөлүмүнүн жетекчиси, Калуга облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты С.Р. Такаев катышышты. Конкреттүү түрдө иш чараларды өткөрүү аркылуу улуттар аралык байланышты бекемдөө жолдору талкууга алынды. Анын катарында Калуга облусунун аймагында жашаган кыргыздардын Жеңиштин 80 жылдыгына карата кыргыз тилиндеги көркөм поэзия сынагына,
Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларга, “Россия элдеринин ассамблеясы” менен бирге, маанилүү даталарга арналган салтанаттуу жана башка коомдук иш чараларга катышуусу айтылды.