Кыргыз Республикасынын Калуга шаарында жана Калуга облусундагы Ардактуу консулу

Ардактуу консулдун Калуга облусунун губернаторунун орун басары В.А.Быкадоров, Калуга облусунун эмгек жана социалдык коргоо министри П.В.Коновалов, Калуга облусунун көп функционалдуу миграциялык борборунун директору А.К.Гладкий менен жолугушуусу.


Жарыяланган   26-01-2024




Балабаново шаарындагы Калуга облусунун көп функционалдуу миграциялык борборунун кеңсесинде Ардактуу консулдун Калуга облусунун губернаторунун орун басары В.А.Быкадоров, Калуга облусунун эмгек жана социалдык коргоо министри П.В.Коновалов жана Калуга облусунун көп функционалдуу миграция борборунун директору А.К.Гладкий менен жолугушуусу болуп өттү.



Тараптар Кыргыз Республикасы менен Калуга облусунун ортосундагы эмгек миграциясы жаатында кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты, Калуга тарап эмгек мигранттарга, анын ичинде Кыргызстандан келген мигранттарга муктаждык бар экенин билдирди, ошондой эле Калуга облусунда Кыргызстандын жарандарына кесиптик билим берүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.




Тараптар Кыргызстан жарандарын кийинчерээк Кыргыз Республикасынын ишканаларында колдонууга мүмкүн болгон профилдик көндүмдөргө окутуу перспективасы менен Калуга облусунун ишканаларынын эмгек ресурстарына муктакждыктары боюнча маалымат алмашууну уюштуруу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.

Улантуу