Кыргыз Республикасынын Калуга шаарында жана Калуга облусундагы Ардактуу консулу

ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулунун Россия Федерациясынын Калуга облусуна болгон жумушчу ишсапары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 2023-жылга карата иш планына ылайык, 2023-жылдын 20-21-июнь аралыгында Элчиликтин консулунун Россия Федерациясынын Калуга облусуна жумушчу ишсапары жүргүзүлүүдө.

Кененирээк окуу →

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

2023-жылдын март айында Москвадагы эң ири туристтик көргөзмөдө (MITT-23) Калуга облусунун маданият министринин орун басары П.М.Коченкова жана Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун (ТӨКФ) жетекчилери менен биргеликте жолугушуулар болуп өттү. Анда, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясы болуп өттү. Ошондой эле, ТӨКФнин жетекчилиги менен Калуга аэропортунун коммерциялык директору М.В.Потемкиндин жолугушуусу болду. Калуга-Бишкек аба каттамын ачуу маселесин чечүү жолдору талкууланды.

Кененирээк окуу →